Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Соцфонд 1 миллиард сом уурдалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсияга бөлүнгөн дээрлик 1 миллион сомду почта кызматкерлери жымырып алганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын бүгүн 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди:

“Биз карап чыктык. Жалган маалымат болуп чыкты. Аны төгүндөгөн билдирүүнү өзүбүздүн сайтыбызга жарыяладык".

7-декабрда Башкы прокуратуранын расмий сайтына Сокулукта «Кыргызпочтасы» ишканасы боюнча текшерүү жүргөнү, жыйынтыгында 985 миң сомду почтанын жооптуу кызматкерлери жымырып алышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда кылмыш иш козголуп, мекеменин башкы бухгалтерине, чарба бөлүмүнүн башчысына жана операторуна айып тагылып, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулганы айтылган.

Кыргызстанда пенсия ар бир пенсионердин каалоосу боюнча банк эсебине же почта аркылуу колуна берилет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG