Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия кайра түзүлүүдө


Кумтөр. Архивдик сүрөт.
Кумтөр. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы кыскарып, ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден өкүл гана калды. Мындай чечим комиссия кворум жоктугунан жыйынга чогула албай жатканынан улам кабыл алынганын депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Ал ар бир фракциядан бирден өкүл калтырса комиссия иштегендей болорун, кворум чогуларын белгиледи.

Комиссия мүчөсү Марлен Маматалиев алтынды көрүү үчүн барганда башка да депуттар кошулса болорун айтты:

“Улуттук банкка алтынды көргөнү барганда сөзсүз турдө бардык депутаттарды кошо чакырып жатабыз”.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Анын курамына 13 депутат кирген – Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Нилуфар Алимжанова, Нурланбек Шакиев, Улукбек Ормонов, Надира Нарматова, Мурат Мураталиев, Шайлообек Атазов, Максат Сарбагышев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Балбак Түлөбаев. Төрагалыкка тандалган Масалиев кийин бул комиссияны жетектөөдөн баш тарткан.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG