Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Курманбек Дыйканбаев Жогорку Сотто да акталды


Курманбек Дыйканбаев. Архивдик сүрөт.
Курманбек Дыйканбаев. Архивдик сүрөт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү, парламенттин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаевди актаган өкүмдү Жогорку Сот да күчүндө калтырганын бүгүн 8-декабрда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун актоо өкүмү быйыл 24-майда чыккан, аны 19-июлда шаардык сот колдогон. Жогорку Соттун ал өкүмдү күчүндө калтырган токтому 28-сентябрда кабыл алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Курманбек Дыйканбаевди 2020-жылы ноябрь айында кармаган. Атайын кызмат ал ошол эле жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо "партиянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган" деп айып койгон. Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгону айтылып, ага Жазык кодексинин (ред: 2017-жылдагы) “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кине тагылган.

2020-жылы ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров Курманбек Дыйканбаев мамлекеттик ишканадан 7 миллион сом алганын айткан. 2021-жылы Дыйканбаев тергөө менен кызматташууга барып, бюджетке 7 миллион сом төгүп бергени кабарланган.

Саясатчы 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого кызматын убактылуу токтотуп, “Биримдик” партиясынын тизмеси менен 58-катарда катышкан. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG