Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Аргентинанын вице-президенти алты жылга эркинен ажыратылды


Кристина Киршнер
Кристина Киршнер

Аргентинанын вице-президенти Кристина Киршнер коррупцияга байланыштуу алты жылга эркинен ажыратылды. Сотто ал өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган жок. Киршнердин тарапкерлери Буэнос-Айрестин көчөлөрүндө нааразылыкка чыгышты.

Соттун чечимине ылайык, Киршнер президент болгон сегиз жылда үй-бүлөлүк катышы бар курулуш магнаты Ласаро Баеске миллиарддаган долларды түзгөн 50гө жакын бюджеттик долбоорду берген.

Прокурорлор Baes фирмасы "бюджеттин акчасын кымырып алуу үчүн атайын түзүлгөн" деген жүйөнү келтиришкен. Киршнер, Баес жана башка ондон ашык айыпталуучулар "көмүскө схема уюштурган" деп түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Киршнердин вице-президенттик ыйгарым укуктары 2023-жылдын 10-декабрында аяктайт. Мыйзамга ылайык, ага чейин отставкага кетмейинче аны камакка алуу мүмкүн эмес.

Сот чечими чыккандан кийин Аргентинанын президенти Альберто Фернандес "Бүгүн өлкөдө күнөөсүз адам соттолду" деп билдирди.

Сурамжылоолорго ылайык, Киршнерди аргентиналыктардын 38% колдойт, 62% анын отставкага кетишин каалайт.

Сот чечимине апелляциялык арыз берилиши мүмкүн.

Кристина Киршнер 2007–2015-жылдары Аргентинанын президенти болуп да иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG