Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Азербайжанда тыңчылык кылган деп айыпталган 19 аскер бошотулду


Тертер районунда тартылган сүрөт.
Тертер районунда тартылган сүрөт.

Азербайжанда Армениянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен соттолгон мурдагы 19 аскер кызматкери 6-декабрда бошотулду. Арасында 10 адам акталып, калгандарынын иши кыскартылды.

Азербайжандын прокуратурасы билдиргендей, 2017-жылы Тертер районунда жоокерлерге күнөөнү моюнга алдыруу үчүн башка аскерлер ырайымсыз кыйноо колдонгон.

"Тертер иши" менен дагы кеминде 12 адам абакта отурат. Укук коргоочулар аларга да кыйноо менен жалаа жабылганын, кыйноонун жүздөгөн ыкмасы колдонулган болушу мумкүндүгүн белгилешет.

Тертер анда өзүн Тоолуу Карабак деп жарыялаган аймакта жайгашкан, бирок район борбору азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө болгон. 2020-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы согуштан кийин аймак Бакунун көзөмөлүнө өткөн.

Күбөлөрдүн айтымында, 2017-жылдын май-июнь айларында азербайжандык жоокерлерди жана офицерлерди аскер адамдары эски административдик имаратта кыйнап, "Армениянын пайдасына тыңчылык кылганын" моюнга алууга мажбурлашкан. Анда кеминде 11 киши каза болгон.

Кыйноо колдонгондордун айрымдары абакка кесилген, бирок соттордун чечими жабырлануучуларды да, укук коргоочуларды да канааттандырган эмес. Алар аскерлерди кыйноого буйрук бергендерди аныктоону, жалаа менен камалгандарды бошотууну талап кылып келишет.

Бийлик “Тертер ишине” байланыштуу талаптарга көпкө чейин көңүл бурган эмес. 2021-жылдын аягында прокуратура тергөө баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG