Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Кыргызстанда "чочко тумоосу" менен 34 бейтап катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күз мезгилинин эпидемиологиялык сезону башталгандан бери "чочко тумоосу" менен 34 бейтап катталды. Бул тууралуу 8-декабрда “Азаттык” радиосуна Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан сезон башталгандан бери сасык тумоо 99 бейтапта тастыкталган, анын 34ү “А” түрү ("чочко тумоосу") экени аныкталган.

2009-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “чочко тумоосунун вирусунун” жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Адистер бул вирус тез жайылып, адамдын саламаттыгына таасири оор экенин айтып келишет.

Кыргызстанда бул илдет алгач 2016-жылы катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG