Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Өкмөт: "Манас", "Ош" аэропортторун тышкы башкарууга берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев "Манас" жана "Ош" аэропортторун тышкы башкаруу "IFC, сынак аркылуу болобу" деген суроону Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго узатты.

Жапаров аба майдандарын тышкы башкарууга берүү аракети тууралуу мындай маалымат берди.

"Эгер биз IFC аркылуу сынак уюштура турган болсок, ал үч жылга чейин созулуп кетет экен. Биз төрт-беш чоң компания менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ким эки жылдын ичинде бүтүрүп берсе, 50% ашык кирешесин бизге берсе, биздин талапка жооп берген учуп-конуу тилкесин, аэробекет жана жүк терминалдарын курса, туристтердин санын көбөйтөм десе, ошолорго беребиз. Бизде жумушчу топ түзүлүп, азыр иргеп жатабыз",-деди Акылбек Жапаров.

Ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү “Манас” жана анын курамындагы “Ош” аэропортун сырткы башкарууга берүүгө байланыштуу түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тарткан. Анда Акылбек Жапаров "эки ири аэропорт боюнча келишимден "Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбаганынан улам баш тартканын" билдирген.

Анын алдында бир катар депутаттар стратегиялык объектилер түшүнүксүз, бүдөмүк жагдайда белгисиз компанияга узак мөөнөткө сырткы башкарууга берилип жатканын сындап чыгышкан.

Ошол маалда өкмөт башчы аэропортторду IFC берген кеңештин негизинде сынак аркылуу сырткы башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок ага катышууну каалаган башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөй койгонун билдирген.

"Манас" жана "Ош" аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамга ээ эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет жана өлкөдөгү кирешелүү компаниялар болуп саналат. Садыр Жапаров ишкана былтыр 3 миллиард сом таза киреше менен чыкканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG