Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

АКШ Сенатынын комитети Орусиянын Украинага каршы аракетин геноцид деп тааныды


Украинадагы согушта өлгөн адамдардын сөөгүн жерге берүү учуру.
Украинадагы согушта өлгөн адамдардын сөөгүн жерге берүү учуру.

АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер боюнча комитети Орусиянын Украинага каршы аракеттерин украин элин геноцид кылуу деп тааныган резолюция кабыл алды.

Документ Орусияны “Украинанын элине каршы геноцид актысын ишке ашырып жатканы үчүн” айыптайт жана АКШнын өнөктөштөрүн украин өкмөтүн колдоону улантууга, ошондой эле “бул кылмыштар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө” чакырат. Резолюция ошондой эле Кошмо Штаттардын президенти Жо Байденге “Магнитский актынын” алкагындагы санкцияларга Украинадагы согушка тиешеси бар адамдарды да кошууну сунуштайт.

Резолюциянын авторлору катары демократтар Бен Кардин жана Ричард Блюментал, ошондой эле республикачы сенаторлор Линдси Грэм жана Жим Риш чыкты.

“Өз аракеттери менен Путин украин элин жер менен жексен кылууну максат кылып жатканын ачык көрсөттү. Жеке мен анын мыкаачылыктарына Ирпенде жана Киев облусунун башка райондорунда күбө болдум”, – деди Жим Риш буга байланыштуу билдирүүсүндө.

Украинадагы аскердик кылмыштарга байланыштуу иликтөөлөрдү Эл аралык кылмыш-жаза соту жүргүзүүдө. Орусия өз аскерлери Украинада жайкын тургундарды өлтүргөнүн четке кагып келет.

Украинага кол салуусуна байланыштуу бир нече өлкөнүн парламенттери Орусияны террорчулукту же террорчул режимдердин демөөрчүсү деп жарыялаган. Ушундай эле резолюцияны Европа парламенти да кабыл алды. АКШнын Конгрессинде ушуга окшош документтер бир нече жолу киргизилген, анын бири да жактырыла элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG