Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Жапаров менен Путин маалымат коопсуздугун камсыздоону белгилешти


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 9-декабрь, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитинин жыйынтыгында биргелешкен билдирүү жарыялашты. Анын тексти “Кабар” улуттук агенттигинин сайтына коюлду.

Биргелешкен билдирүүдө лидерлер эки өлкө маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында кызматташары белгиленген. Мамлекет башчылар заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар дүйнөдө туруктуулукту сактоодо маанилүү экенин белгилеп, аны тескери максатта колдонуу жарандарга, коомго жана мамлекетке коркунуч жаратып жатканын келтиришет.

“Мамлекет башчылар кайсы бир мамлекеттерге карата компьютердик чабуулдар болуп жатканы тууралуу далилсиз айыптоолор тарап жатканына байланыштуу камтамачалыгын билдирет. Кыргыз Республикасынын президенти жана Орусия Федерациясынын президенти бардык эл аралык коомчулукту маалыматтык сферадагы карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат жана бул көйгөйгө байланыштуу бардык мамлекеттер менен диалогго даяр экенин белгилешет”, – деп жазылган билдирүүдө.

Жапаров менен Путин мамлекеттер ортосундагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүнү кубатташарын билдирип, өлкөлөрдүн суверенитети жана аймактык бүтүндүгүнүн кол тийбестиги, ички иштерге кийлигишүү болбошу керектигин такташат. Алар муну менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун алдында атайын универсалдуу норма жана эрежелерди иштеп чыгууну сунуштаган.

Орус лидери Бишкекке 9-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине келди. Анда ар кайсы багыттагы маселелер каралып, ондогон документтер кабыл алынды.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага кеңири масштабда кол салган. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү муну кескин айыптаган, Батыш мамлекеттери Москва санкция салуусун улантып жатат. Орусиянын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өнөктөштөрүнүн айрымдары бул согушту сындаган эмес, Кыргызстан нейтралдуу позицияда экенин жарыялаган.(ErN)

XS
SM
MD
LG