Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Беларус: оппозиционерлерди жактаган адвокаттар лицензиядан ажыратылды


Владимир Пыльченко менен Виктор Мацкевич.
Владимир Пыльченко менен Виктор Мацкевич.

Беларуста камактагы оппозициячыл саясатчылар Мария Колесникова менен Сергей Тихановскийдин адвокаттары Владимир Пыльченко менен Виктор Мацкевичтин лицензиялары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Zerkalo.io басылмасы жазды. Ага ылайык, Пыльченко Минск шаардык адвокаттар коллегиясынын курамынан чыгарылды. Мындан кийин бул адвокаттар сот жараяндарына катыша албайт жана түрмөдө жаткан саясатчыларга киргизилбейт.

Ушул айдын башында квалификациялык комиссия Пыльченко менен Мацкевичти аттестациядан өткөргөн эмес.

Беларустун башчысы Александр Лукашенкого каршы 2020-жылкы нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири Мария Колесникова өткөн жылдын сентябрь айында 11 жылга эркинен ажыратылган.

Беларустун президенттигине талапкерлигин коюуну пландап жүргөн видеоблогер Сергей Тихановский мындан туура бир жыл мурда тополоң уюштурган деген айып менен 18 жылга кесилген. Анын аялы Светлана Тихановская күйөөсү камалгандан кийин анын ордуна президенттикке ат салышкан. Кийин Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Камактагы оппозиционерлер кылмыш ишинин козголуп, соттолушун саясий куугунтук катары баалап келет.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциялары күч менен таратылган жана жүздөгөн адамдар кармалган.

Батыш мамлекеттери шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG