Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Түштүк Корея ЖКны санариптештирүү үчүн 200 миң долларлык жабдуу берет


Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет.
Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 9-декабрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Жэ менен жолукту. Анда тараптар эки өлкөнүн алакасын, кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулады. Ага Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Бишкектеги өкүлү Ли Жонгсу да катышты.

"Азыгалиев Түштүк Кореяга KOICA уюму аркылуу Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана санариптештирүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Вице-спикер алар кыргыз парламентин санариптештирүү үчүн техникалык көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи. Элчи өз кезегинде KOICA уюму 2023-жылдан 2027-жылга чейин Жогорку Кеңешти санариптештирүүнүн алкагында долбоорду ишке ашырарын маалымдады. Жолугушуу соңунда парламентке баасы 200 миң долларлык жабдууларды берүү актысына кол коюлду",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик мекеме-органдардагы санариптештирүү жараянын сынга алган. Ал анда сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында тиешелүү министрликке бир жылдык мөөнөт берилип, толук санариптештирүү милдети коюлганын жазган.

Садыр Жапаров туура бир жыл мурда Министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт 10 айда миң тоннага жакын кагаз сатылып алынганын айтып, электрондук документке өтүү керектигин билдирген.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG