Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Футбол күйөрмандары Парижде башаламандык уюштурду


Марокко курамасы жеңиштен кийин.
Марокко курамасы жеңиштен кийин.

Парижде футбол күйөрмандары дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Франция менен Марокконун жеңишин майрамдап, башаламандык уюштурушту. 11-декабрга караган түнү Франция башкалаасынын борборуна миңдеген адамдар чогулду. Алардын айрымдары шаардагы имараттарга зыян келтирип, Елисей талаасындагы дүкөндөрдүн айнектерин сындырууга аракет жасаганын Reuters жазды. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана башка атайын каражаттарды колдонууга аргасыз болду.

Футбол фанаттарынын демонстрациясына 20 миңдей адам чыкканын Daily Mail басылмасы жазды. Тартип сактоого 1200гө жакын полиция кызматкери тартылды. Күйөрмандар фейерверк атып, полиция менен да кагылышты. Кеминде 74 киши кармалды.

Марокко - мурдагы француз колониясы, бул өлкөдөн келген көптөгөн иммигранттар Францияда жашашат. Шаршембиде Марокко менен Франциянын командалары Катардагы дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу үчүн беттешет. Француз полициясы ал күнү күчөтүлгөн режимде иштейт.

  • Марокко курамасы 10-декабрда Катарда Португалияны 1:0 эсебинде утту. Франциянын футболчулары Англия курамасын 2:1 эсебинде жеңди. Муну менен Франция жана Марокко жарым финалга чыкты.
  • Марокко мындай ийгиликке жеткен биринчи африкалык мамлекет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG