Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Путин “газ биримдиги” жаатында көптөгөн маселелер бар экенин айтты


Путин
Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстан менен "газ биримдигин" түзүү маселеси өз ара координация жана компромисстик чечимдерди талап кыларын айтты.

РИА Новости кабарлагандай, Путин бул жаатта "чечимдерди кабыл алууну талап кылган көптөгөн маселелер бар" экенин белгилеп, маселени чечүү жолун так табууга болорун билдирген.

"Бул кандайдыр бир энергетикалык альянс болушу мүмкүн", - деди орус президенти.

Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда “үч тараптуу газ биримдигин” түзүү ниетин өткөн айдын аягында Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунда билдирген.

Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудов айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG