Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстан Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак сатып алды


Жаңы тик учак.
Жаңы тик учак.

Кыргызстан Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак сатып алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн, 11-декабрда кабарлады.

"Тик учакты президент Садыр Жапаров көрүп, учуп сыноодон өткөрдү. Республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү", - деп жазды Султанбаев.

Быйыл август айында да ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Тик учактардын баасы канча экени тууралуу маалымат берилген жок. Жакында Орусиядан МИ-8 МТВ тик учагы гранттык негизде келери күтүлүп жатканын Султанбаев кошумчалады.

Август айына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнүн тик учагы жок болгон. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учак Нарында альпинисттерди куткаруу иши учурунда кыйрап калган.

Акыркы тик учагы эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийин тоо-таштардагы куткаруу иштерин Коргоо министрлигинин тик учактарын жалдап аткарып келди.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандын тик учагы тартылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG