Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Мексикада барымтага алынган өзбекстандыктар бошотулду


Мексика полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Мексика полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Мексиканын полициясы барымтага алынган өзбекстандык жети кишини бошотконун El Siglo de Torreon басылмасы 12-декабрда жазды. Арасында эркектер, аялдар жана бала бар.

Маалыматка караганда, автобус менен Төмөнкү Калифорния штатына бараткан өзбекстандыктар Гомес-Паласио шаарындагы фермалардын биринде эс алуу үчүн токтогон. Ошол жерден АКШга өтүп кетүүнү пландаган өзбекстандыктарды ал жердегилер барымтага алып, 1200 доллар күрөө талап кылышкан.

Аларда мындай акча болбогондуктан, аны тапканга чейин фермада кармап турушкан. Полиция алардын кабарын таап, күрөө төлөп куткарган. Күч органдарына алардын барымтада экени тууралуу маалымат кандай жеткени айтылган жок.

Өзбекстандыктар Улуттук миграция институна жөнөтүлгөн. Аларды барымтага алгандарга жардам берген деген негизде 32 жаштагы Мария Гваделупа аттуу жергиликтүү тургун кармалды.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги барымтадан бошотулгандардын тек-жайы такталганын, коопсуздугуна коркунуч жоктугун билдирди. Вашингтондогу өзбек элчилиги алар менен байланышкандан кийин Чет элдиктерди убактылуу жайгаштырчу борборго жеткирилген. Учурда юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG