Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Германия тажикстандык оппозиционердин уулун депортациялоону көздөп жатат


Абдулло Саидов.
Абдулло Саидов.

Германия Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсүнүн уулун мекенине депортациялоону көздөп жатат. Бул тууралуу чет өлкөдөгү тажик оппозициячыл топтордун башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсынын өкүлдөрү билдиришти.

Альянстын мүчөсү Махмуджон Файзрахмон санаалашы Шамсиддин Саидовдун 32 жаштагы уулу Абдулло Шамсиддин 13-декабрда Германиядан Тажикстанга жөнөтүлөрүн Твиттерге жазды.

"Тажикстанда аны 2020-жылы Австриядан депортацияланып, Тажикстанда 20 жылга эркинен ажыратылган Шовализода сыяктуу кыйнап, түрмөгө кесет деген коркунуч бар", - деди Файзрахмон. Анын белгилешинче, Абдулло Германиядан башпаанек алууну каалаган.

Германиянын бийлиги буга комментарий бере элек.

Шамсиддин Саидов 13-декабрда "Озоди" радиосуна билдиргендей, уулу Германиянын миграциялык кызматына өз убагында катталбай калган.

2018-жылдын январында Хатлон облусунун соту Шамсиддин Саидовду сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.

Тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Хизбулло Шовализода 2020-жылы Австриядан Тажикстанга экстрадицияланып, 20 жылга камалган. Буга укук коргоо уюмдары тынчсыздануу билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG