Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Сот Журабаева менен Дүйшөбаевди камакта калтырды


Кеңешбек Дүйшөбаев. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кеңешбек Дүйшөбаев. 13-декабрь, 2022-жыл.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жана активист Эрлан Бекчоро уулунун камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.

Буга чейин ушул иш боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG