Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Мамдума орус тилин коргогон мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


Мамлекеттик дума.
Мамлекеттик дума.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы "Мамлекеттик тил жөнүндө" федералдык мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды. Ага ылайык орус тили мындан ары "ашыкча чет тилден кирген сөздөрдөн" корголот. Бул тууралуу "Свобода" радиосу кабарлады.

Мыйзамга ылайык өкмөт сөздүк жана колдонмолор аркылуу сөздөрдү аныктап, тизмесин түзөт. Бул сөздүктөр мамлекеттик органдар, соттор, басма сөз, кино, жарнама сыяктуу тармактарда колдонула турган орус тилинин нормаларын жөнгө салат.

"Долбоор орус тилинде көп колдонулбаган аналогу жок сөздөрдү колдонууга жол бербейт. Аталган долбоор орус тилин ашыкча көп колдонулган чет элдик сөздөрдөн коргоого багытталган", - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Мыйзам долбоорунда орус тилинин эрежесине жана нормасына шайкеш келишин караган милдеттүү лингвистикалык экспертизаларды өткөрүү үчүн нормативдик актыларды киргизүү да каралган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG