Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Жапырт камалгандардын айрымдары ачкачылык жарыялашты


Камактагы активист жана саясатчылар.
Камактагы активист жана саясатчылар.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, жапырт кармалгандардын төртөө мурдагы судья Клара Сооронкулова, активист Перизат Суранова, саясатчы Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова сот чечимине нааразылык иретинде 14-декабрдан тартып ачкачылык акциясын баштай турганын билдиришти.

13-декабрда алардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, дагы эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору, саясатчы Бектур Асанов сот жүрүп жаткан маалда аялдарды бошотууну суранды.

"Аялдар ачкачылык жарыялашты, биз эркектер эртеңден тарта баштайбыз. Оорусу бар эле бир-эки кишиден башка баары жарыялайт. Аялдарды анан аксакалыбыз бар аны чыгаруу керек. Мамбетжунус Абыловдун абалы оор, аны да сурандым чыгарыш керек деп. Коңшу камерада отурабыз, күн алыс эле ал кишиге догдур чакырып жатышат", - деди Асанов.

Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандардан ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

Камактагы мөөнөтү узартылган 20дан ашык кишинин арасында алты аял бар. Аларды 23-28-октябрь аралыгында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жапырт кармап, эки айга тергөө абагына камакка алган.

ИИМ мунун себебин “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине куугунтукту токтотууга чакырган. (BCh)

XS
SM
MD
LG