Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын баары камакта калтырылды


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандар. 13-декабрь, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулун, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Таалайбек Мадаминовду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

13-декабрда сотко алынып келген шектүүлөр дээрлик сурак болбогонун, башта “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылса азыр ал “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген кинеге алмаштырылып жатканын айтышты.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG