Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Казакстанда кармалган орусиялык майор 40 суткага камалды


Жилин жубайы менен.
Жилин жубайы менен.

Астана соту Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди 40 суткага тергөө абагына камоо жөнүндө токтом чыгарды.

Жилиндин жубайынын айтымында, сот өкүмүн онлайн отурумда чыгарып, ага байкоочулар катышкан жок. Майордун жакындары бул чечимге даттанарын айтышты.

Жилин декабрдын башында Казакстандын борбору аркылуу Арменияга учуп жатканда кармалган.

Орусияда Михаил Жилин президент Владимир Путиндин аймактар менен өкмөттүк байланышына жооп берип, мамлекеттик сырларды билген. Буга байланыштуу анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Жилин жумуштан бошоо укугунан ажыратылган. Мобилизация жарыялангандан кийин ал качып кетүүнү чечкен. Майор Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөндө кармалып, кийинчерээк кое берилген эле. Бир нече убакыт ал үй-бүлөсү менен Семей шаарында жашаган жана саясий башпаанек үчүн арыз тапшырган, бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

XS
SM
MD
LG