Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Сасык тумоодон улам Бишкекте сегиз мектеп онлайн окууга өттү


Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Сасык тумоодон улам окуучулардын сабакка келбей жатканына байланыштуу Бишкекте сегиз мектеп 14-декабрдан тарта карантинге жабылып, онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 13-декабрда 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди.

Жыйынтыгында борбордогу №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20% мектепке келбей жатканы аныкталган. Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат.

Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG