Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Акылбек Жапаров БАЭ менен биргелешкен холдинг жакында иштей турганын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 14-декабрда кабарлагандай, анда Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамиле, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жапаров эки тараптын мамилеси жакшырып жатканына токтолду.

«Президенттин Бириккен Араб Эмираттарына жакында болгон иш сапарынын алкагында эл аралык тогуз документке, анын ичинде биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда биздин мамлекеттик органдар бул документти ратификациялоону ыкчамдатуу үстүндө иштеп жатат, жакын арада ал күчүнө кирет жана компания өз ишин баштайт”, - деди Акылбек Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдө ал айылдарды таза суу менен камсыздоо, жеткиликтүү турак жайларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлору тууралуу айтты.

Тараптар айыл чарбасы, байланыш жана коммуникациялар, кайра иштетүү өнөр жайы, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү маселесин талкуулап, эмират тарап стратегиялык долбоорлорду каржылоодо өнөктөш болууга жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун директорун Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Быйыл октябрь айында президент Садыр Жапаровдун Абу-Дабиге сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен БАЭ ортосунда уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылган. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылы түзүлүп, 1999-жылы Дубай шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу, 2014-жылы элчилиги ачылган.

Расмий маалыматка таянсак, 2021-жылдын тогуз айында ортодогу товар жүгүртүү көлөмү 47 миллион долларды түзгөн, бул 2020-жылдын алгачкы тогуз айындагыга караганда төрт эсе көп болгон. Кыргызстандан эмираттарга негизинен алтын буюмдар жөнөтүлөт, ал эми ал жактан үй жана электроника буюмдары келет. Соңку жылдары туризм багытында да өсүш бар экени белгиленүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG