Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Талас облусунда мектептер жана бала бакчалар убактылуу карантинге жабылды


Талас облусундагы мектептердин бири.
Талас облусундагы мектептердин бири.

Талас облусундагы мектептер менен бала бакчалар убактылуу карантинге жабылды. Мындай чечим 13-декабрда облустук координациялык кеңештин жыйынында кабыл алынганын облустук акимчиликтен билдиришти.

Жыйында эпидемиологиялык абал талкууланып, инфекциялык оорулардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында облустун аймагындагы мектептер жана бала бакчаларды 14-декабрдан 24-декабрга чейин карантинге жабуу чечими кабыл алынган.

Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Борончу Өмүрканов "Азаттыкка" мектептердеги окуулар онлайн уланарын айтты.

Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлаган. Буга чейин Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бир нече мектеп карантинге жабылган.

Өлкөдөгү мектептерди карантинге жабуу маселеси 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында да айтылды. Депутат Айбек Осмонов ушул тапта 15 миңден ашык киши сасык тумоо менен ооруп жатканын, абалды Саламаттык сактоо жана Билим берүү, илим министрликтери колго алып, оорулардын алдын алуу керек экенин билдирди. Ал айыккан балдар мектепке барып кайра ооруп жатканын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги декабрь башталгандан бери өлкөдө курч респиратордук ооруларга чалдыккандар көбөйгөнүн кабарлап жатат.

Жалпы 95 миңге чукул адам сасык тумоо менен катталды. Алардын 70% чукулу 14кө чыга элек балдар. Бишкек жана Чүй облустарындагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды. (MKt)

XS
SM
MD
LG