Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Украинада Киев баштаган бир нече шаарга сокку урулду


Жер астындагы баш калкалоочу жайларда отурган киевдиктер.
Жер астындагы баш калкалоочу жайларда отурган киевдиктер.

14-декабрда эртең менен Украинанын үч облусунда – Киевде, Житомирде жана Винницада аба соккусунан эскерткен сирена жаңырды. Социалдык тармактарда жардыруулардын үнү Киевде жана Украинанын баш калаасынын чет жакаларында угулганы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Жардыруу шаардын Шевченко районунда болгонун Киевдин мэри Виталий Кличко өзүнүн Telegram каналында тастыктады.

Киев облустук аскер администрациясынын башчысы Алексей Кулеба абадан коргонуу иштеп жатканын айтып, тургундарды баш калкалоочу жайларда болууну суранды.

Баштапкы маалыматтар боюнча, учкучсуз учактардын биринин сыныктары Шевченко районундагы эки административдик имаратка зыян келтирди.

Херсондо жергиликтүү администрациянын имараты орус армиясынын аткылоосуна кабылды. Украина президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Кирилл Тимошенконун айтымында, имараттын эки кабаты талкаланган. Атышуу таң эрте, кызматкерлер келе электе болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эртең мененки корутундусуна ылайык, өткөн суткада орус аскерлери Украинага бир авиациялык, 11 ракеталык сокку урган, анын үчөө жарандык инфраструктурага жасалды.

2022-жылдын октябрында Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан бери Орусия Украинанын инфраструктурасына жапырт соккуларды уруп жатат. Киев жана көптөгөн Батыш өлкөлөрү кол салуулар карапайым калкка каршы багытталганын айтышууда. Кремль муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG