Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

АКШда окумуштуулар термоөзөктүк реактордон биринчи жолу көп энергия алышты


Оң энергиялуу термоядролук реакция жүргүзүүнү ишке ашырууда адистер колдонгон жабдуулар.
Оң энергиялуу термоядролук реакция жүргүзүүнү ишке ашырууда адистер колдонгон жабдуулар.

Америка Кошмо Штаттарынын Ливермор улуттук лабораториясынын окумуштуулары термоөзөктүк электрстанцияларын түзүүдө маанилүү жеңишке жеткенин жарыялашты.

Алар биринчи жолу термоозөктүк реактордон аны иштетүүгө сарпталгандан көп энергия алынганын маалымдашты.

Бул - келечекте арзан жана экологиялык таза энергиянын негизи делген термөзөктүк синтезге карай маанилүү кадам.

Эксперименттин жыйынтыгы лабораторияга ээлик кылган АКШнын Энергетика министрлигинин сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

Илимпоздор термоөзөктүк станциялардын үстүндө 1950-жылдардан бери иштеп келишет. Классикалык өзөктүк реакторлор энергия өндүрүү үчүн бөлүнүү реакциясын колдонушат, анын жүрүшүндө оор атомдук ядролордон жеңил элементтер алынат. Термоөзөктүк түзүмдөрдө тескерисинче, жеңилирээк атомдук ядролор синтезделиши керек.

Бул келечекте дээрлик чексиз энергия алууга мүмкүндүк берери айтылат. Бирок анын агымы үчүн материалдарды миллиондогон градуска чейин ысытып, аларды көпкө чейин ушул абалда кармоонун жолун табуу керек.

XS
SM
MD
LG