Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Байден бир жыныстуу нике тууралуу мыйзамга кол койду


Президент Жо Байден "Никени сыйлоо" мыйзамга кол койгон учуру.
Президент Жо Байден "Никени сыйлоо" мыйзамга кол койгон учуру.

АКШнын президенти Жо Байден шейшемби күнү бир жыныстуу жана расалар аралык никени мыйзамдаштырган "Никени сыйлоо мыйзамына" кол койду.

"Бүгүн эң сонун күн! Америка айрымдар үчүн гана эмес, бардыгы үчүн теңдик, эркиндик жана адилеттикке карай чоң кадам таштаган күн", - деди Жо Байден кол коюу аземинде. Мыйзам долбоорун мурда Конгресстин эки палатасындагы мыйзам чыгаруучулардын басымдуу көпчүлүгү жактырган.

1996-жылы Конгресс никени аял менен эркектин союзу катары аныктаган "Никени коргоо мыйзамын" кабыл алган. Жо Байден ошол кезде сенатор болуп турганда ага добуш берген. Бир нече жылдан кийин штаттар бир жыныстуулардын союздарын, кийин никени мыйзамдаштыра баштаган.

2015-жылы Жогорку сот америкалыктардын бир жыныстуу никеге туруу укугу өлкөнүн Конституциясында корголот деп чечкен. Бирок бул укук мыйзамда бекемделген эмес эле. Мыйзам штаттарга бир жыныстуу никелерди каттабай коюу эркиндигин калтырат, бирок аларды башка штаттарда жасалган бир жыныстуу никелерди таанууга милдеттендирет.

Байдендин администрациясы сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоого өзгөчө басым жасайт. Жо Байден ачык кумса Пит Буттижичти Министрлер кабинетинин мүчөсү кылып дайындаган биринчи президент болгон. Президент Байден ЛГБТ коомчулугун дискриминациядан коргогон жана трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө уруксат берген буйрукка кол койгон.

Мыйзам үчүн демократтар гана эмес, республикачыл мыйзам чыгаруучулардын бир бөлүгү да добуш беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG