Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Түркиядагы жол кырсыгында кыргызстандык келин каза болгону кабарланды


Түрк полициясынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Түрк полициясынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

14-декабрда Түркиянын Измир шаарынын Конак районунда жеңил унаа жолдон чыгып, 41 жаштагы кыргызстандык келин каза болгону маалымдалды.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу каза болгон кыргызстандык тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" ырастады.

"Ихлас" кабар агенттиги кабарлагандай, кырсыкта түркиялык жана украиналык үч киши оор жаракат алган. Ал эми Измир ички иштер башкармалыгы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козгогону белгилүү болду.

Стамбулдагы Башкы консулдук быйыл орто эсеп менен 30дай "Жүк-200" жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG