Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Европарламент Сахаров сыйлыгын украин элине берди


Франциянын Страсбург шаарында эркин ой жүгүртүү жана адамдын ар-намысын коргоо үчүн ыйгарылуучу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өттү. Украина эли быйыл анын лауреаты болду.

Салтанатка Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу катышты. Чогулгандар өз жерин коргоп курман болгон украиналыктарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола сыйлык бардык украиндерге ыйгарылганын белгиледи. Ал украин эли азыр өз мекенин гана эмес, Европанын укук жана демократия баалуулуктарын коргоп жатканын кошумчалады.

Сахаров - Евробиримдиктин адам укуктары боюнча башкы сыйлыгы. Ал 1988-жылдан бери ой эркиндиги жана адам укуктарына өзгөчө салым кошкондорго берилет. Сыйлык Европа чөлкөмүнөн башка аймактагыларга да ыйгарылат. Бул жылы украин элинен тышкары сыйлыкка талапкерлер Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү, британ түрмөсүндө отурган Жулиан Ассанж менен колумбиялык “Чындык комиссиясы” укук коргоо уюму да татыктуу болду.

2021-жылы орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга ыйгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG