Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Косово лидерлери Евробиримдикке мүчө болуу арызына кол койду


Жарым-жартылай таанылган Косовонун лидерлери Евробиримдикке кирүү арызына кол коюшту. Документке президент Вьоса Османи, премьер-министр Альбин Курти жана парламенттин спикери Глаук Конюфца кол койгонун "Азаттык" радиосунун Балкан кызматы билдирди.

Арыз берүү салтанаты 15-декабрда Евробиримдиктин Кеңешине төрагалык кылган (жыл аягына чейин төрагалык кылат) Чехиянын борбору Прагада өтөт.

Буга чейин Сербиянын президенти Александр Вучич Косово бийлигинин арыз бериши Приштина менен Белграддын ортосундагы келишимдерди бузарын айткан.

Югославиянын мурдагы автономиялуу провинциясы, негизинен албандар жашаган Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. 1999-жылдан бери анын аймагы Сербиянын көзөмөлүндө эмес жана БУУнун протекторатында. НАТОнун бомбалоосунун натыйжасында серб аскерлери Косово аймагынан чыгарылып кеткен. Бомбалоонун максаты "аймактагы албан калкын геноцидден куткаруу" деп айтылган.

Косовонун көз карандысыздыгын БУУга мүчө 100дөй мамлекет тааныган, бирок Сербия, Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери тааныбайт.

Сербия 2012-жылдан бери Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG