Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Жаңы Зеландия 2008-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки чегүүгө тыюу салды


Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтон шаары.
Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтон шаары.

Жаңы Зеландия келечек муунга тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. The Guardian басылмасынын жазганына караганда, мындан ары тамеки 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө сатылбайт.

Эреже бузгандар 150 миң Жаңы Зеландия доллары (96 миң АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Тамеки атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Андай дүкөндөрдүн саны 6 миңден 600гө чейин кыскарат. Мыйзамга ылайык, тамекиде никотиндин көлөмү азайтылууга тийиш.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Айеша Веррол бул мыйзамды кабыл алуу менен көптөгөн оорулардын алды алынып, рак, инфракт, инсульт азайып, дарылоого сарпталчу 5 миллиард доллар үнөмдөлөрүн билдирди. Министр айткан сумма жылдык көрсөткүчпү же бир канча жылдыкпы, айтылган жок.

Мыйзам 2023-жылы күчүнө кирет. Жаңы Зеландия 2025-жылга чейин "тамеки чегүүдөн эркин өлкө" болууга аракет кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG