Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Кемпир-Абад иши: абакта ачкачылык жарыялагандардын саны жетиге жетти


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып камакта жаткандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып камакта жаткандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов ачкачылык жарыялады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирип, борбордун кызматкерлери абактагылар менен жолугуп чыкканын айтты.

“Баш-аягы жети киши ачкачылык жарыялады. Азырынча абалдары жакшы. Биз муну көзөмөлгө алып, күн алыс кабар алып турабыз”, - деди Рысбеков.

Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандардан ачкачылык жарыялаганы тууралуу арыз түшө элек экенин билдирип, маалыматты тактап берүүнү убада кылышты.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга - 20-февралга чейин узартты. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган. Бул күндөрү жалпы 25 адамга карата чечим чыккан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG