Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары аскерлерден кечирим сурады


Нукус шаарындагы митинг. 1-июнь. 2022-жыл.
Нукус шаарындагы митинг. 1-июнь. 2022-жыл.

Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Каракалпакстан окуяларына айыпталган 22 адамдын соту уланууда. 12-13-декабрда күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү угулганын “Газета Уз” жазды.

Жалпысынан 200дөн ашуун жабырлануучунун көрсөтмөсү угулду. Көбү аскер кызматкерлери жана күч органында иштегендер. Алар Өзбекстандын башка аймактарынан видео байланыш менен катышышты. Жабырлануучулардын арасында мүлкүнө келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылгандар да бар.

13-декабрда айыпталуучулардын бир канчасы аскерлерден кечирим сурады.

Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган.

Каракалпакстан окуяларын иликтөө боюнча Өзбекстандын Олий Мажлиси (парламент) түзгөн көз карандысыз комиссия жапырт башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандарга каршы ашыкча күч колдонулганы боюнча Башкы прокуратурадан түшүндүрмө сурады.

Башкы прокуратура кармалган 516 кишинин 170тейи айыпталып жатканын билдирди. Камактагы 107 айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Тактап айтканда, 10 киши үй камагына чыгарылса, 97си коомчулуктун кепилдиги менен абактан бошотулган. Учурда 39 айыпталуучу абакта отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG