Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Орусия армиясын 2022-жылдын аягына чейин Украинадан чыгарбайт


Кремль орусиялык аскерлер 2022-жылдын аягына чейин Украинадан чыгарылат деген божомолду четке какты. Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге "Бул жаатта сөз болушу мүмкүн эмес" деди.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жетиликтин” онлайн саммитинде сөз сүйлөп, Рождество майрамына чейин Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүнү Орусияга сунуштаган.

Украин президентинин бул сунушуна жооп берип жатып Песков "Киев учурда түзүлгөн реалдуу кырдаал менен эсептешүүгө аргасыз", - деди. Ал өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деп атаган жикчил аймактарда жана Орусия аннексиялаган Херсон, Запорожье облустарында өткөн референдумдарды эске салды.

Орусия сентябрда Украинанын төрт аймагын Орусияга кошуу үчүн “референдум” өткөргөн. АКШ жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, ошондой эле БУУ Украинадагы “жасалма референдумдун” жыйынтыгын тааныган эмес. Эл аралык коомчулук аны эрежелерди жана мыйзамдарды бузуу менен уюштурулганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG