Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев былтыр чет өлкөгө иш сапары менен кетип баратып ага сыртка чыгууга тыюу салынганын чек арадан гана билгенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, депутаттарга чет жакка чыгууга бөгөт коюу туура эмес экенин кошумчалады.
“Мени Чек ара кызматы кармап өткөрбөй койду. Буга эмне себеп экенин түшүндүрүп да бере алышкан жок. Мен качан гана УКМКнын төрагасына (Камчыбек Ташиев-ред) телефон чалгандан кийин чектөө алынды. Эмнеге, кайсы иш боюнча эч ким түшүндүргөн жок. Мен кийин купуя делген кат алдым. Көрсө дагы бир Дастан Бекешев деген изделип жаткан экен”.
Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев Чек ара кызматы аткаруучу гана мекеме экенин, адамдарга чек арадан өтүүгө тыюу салууну башка мамлекеттик мекемелер коёрун айтты.
Ушул эле маселени депутат Элвира Сурабалдиева да көтөрүп, бул жарандарга басым катары колдонулуп жатканын билдирди. Эл өкүлдөрү чек арадан чыгууга чектөө коюлган же коюлбаганын онлайн негизде билүү үчүн шарттар түзүлүшү керектигин айтышты.
27-ноябрда депутат Эмил Жамгырчиев фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап, кайра коё берген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен.
Башкы прокуратура кийин Эмил Жамгырчиевди актаган буга чейинки сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.
2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев “Пара алуу” беренеси менен кармалган. Кийин үй камагына чыгып, бардык соттук инстанциялардан акталган. (BTo)