Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Украинада 12 миллиондой жаран үй-жайын таштап кетти


Украиналык бозгундар.
Украиналык бозгундар.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына басып киргенден бери өлкөнүн дээрлик 12 миллион жараны үй-жайын таштап кетти. Бул тууралуу украин парламентинин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец билдирди.

Алардын 4,9 миллиону Украинанын анча кооптуу эмес аймактарына, 7 миллиону башка мамлекеттерге көчкөн. Сыртка чыгып кеткендер өлкөнүн калкынын 20 пайызга жакынын түзөт.

Ошондой эле, Лубинец Украинанын 13 миллион тургуну катуу салгылаш болуп жаткан аймактарда жана орус аскерлери басып алган жерлерде экенин айтты.

  • Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. БУУнун маалыматы боюнча, андан бери украиналык 6702 жайкын тургун, анын ичинде 424 бала каза болду.
  • Эки тарап тең миңдеген аскерин жоготту.
  • Украин бийликтери орус аскерлерин карапайым калкка каршы кылмыш жасаган деп айыптап жатат. Орусия жөнөкөй тургундардын өлүмүнө жана кыйноого алышына тиешеси жоктугун билдирип келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG