Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү “Мурас” турнири жыйынтыкталды. Биринчи орун үчүн “Спорттук федерациялар” жана “Президенттин командасы” беттешип, 4:3 эсебинде спортчулардын командасы жеңип 400 миң сомдук сертификат алды. Экинчи орун үчүн 300 миң сом берилди.
Үчүнчүнү “Коопсуздук”, төртүнчү орунду “Достук” командасы алды.
“Мурас” турнирин Кыргызстандын футбол союзу менен президенттин администрациясы уюштурду. Ага президенттин администрациясы, Жогорку Кеңеш, ата мекендик футболдун ардагерлери, дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын, диаспоралардын, облустардын жана шаарлардын жетекчилери, ооруканалардын башкы дарыгерлери, Жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектептердин директорлору, сот бийлигинин, маалымат жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес жана маданият ишмерлери кирген 16 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында президент Садыр Жапаров келерки жылдын жазында өтө турган турнирге 20 жаштан 40 жашка чейинки оюнчуларды командаларга киргизүү тапшырмасын берди. Бул жолу оюнга 40 жаштан жогорку оюнчулар гана киргизилген. (BTo)