Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Кемпир-Абад иши: адвокаттар Садыр Жапаровдун билдирүүсүн сындады


Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат.
Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат.

Президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар тууралуу соңку билдирүүсүнө байланыштуу 12 адвокаттын турган топ ага кайрылуу жолдоду. Анда өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салынган жана анын айткандары сынга алынган.

"Жалпы эл, камалгандар сизден акыйкаттуу, мыйзамдуу чечимди, көз карандысыз пикирди, Кемпир-Абад ишине байланышуу камалгандардын бузулган конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүүнү күтүп жатканда сиз адепке жат, кесипкөй эмес, осол билдирүүңүз менен кыргыз энелеринин үмүтүн жана жүрөгүн жараладыңыз. Кырдаалга акыл калчап, көз карандысыз жана кесипкөй баа берүүнүн ордуна сиз айыптаган позицияга өтүп алдыңыз. Сиз камалгандардын ата-энелерин "туура эмес тарбия берген" деп күнөөлөдүңүз. Сиз кызылдай текеберчиликти көрсөттүңүз. Муну менен демократиянын, сөз эркиндигинин демин буудуңуз. Биз, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жактоочулары сизди мындан ары кармалгандардын тарбиясы тууралуу комментарий берүүдөн, алардын аракеттерин баалоодон карманууга чакырабыз. Күнөөсүздүк презумпциясын эч ким жокко чыгарган эмес",-деп жазылган кайрылууда.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деди президент.

Ал абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу чакырыгына да оюн билдирип, кайрылгандар "мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу" деген.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына 19-декабрда алты күн болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG