Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Таиландда аскердик кеме чөгүп, 31 киши дайынсыз жоголду


Чөгүп бараткан кеме.
Чөгүп бараткан кеме.

Таиланддын падышалык деңиз күчтөрүнүн "Сукхотай" корвети Таиланд булуңундагы бороон учурунда чөгүп кетти. Кемеде 106 аскер кызматкери болгон. 75 адам куткарылды, 31инин дайыны чыкпай жатат. Куткаруу иштерине чоң толкундар тоскоол болуп жатканын Bangkok Post дүйшөмбүдө билдирди.

Куткарылгандардын биринин айтымында, ал чөгүп кетпөөгө аракет кылып, үч саат деңизде сүзүп жүргөн.

Кеме зарыл учурда балык уулоочу кайыктарга жардамга келүү максатында жээктен 32 чакырым алыста болчу. 18-декабрда аба ырайы бузулганда толкундардан улам кемени суу каптап, электр системасын иштен чыгарган.

"Сукхотайды" куткаруу үч фрегат жана көчмө насостору бар эки тик учак жөнөтүлгөн. Катуу шамалдан улам сууну сордурууга мүмкүн болгон эмес жана кеме чөгүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG