Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Путин менен Лукашенко аскердик-саясий маселелерди талкуулайт


Путин менен Лукашенконун Кремлдеги жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.
Путин менен Лукашенконун Кремлдеги жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Беларуста батальондук тактикалык машыгуу өткөрөрүн жарыялады. 19-декабрда Минскиде Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугуп, башка маселелер менен катар аскердик-саясий маселелерди да талкууламакчы.

Коргоо министрлиги машыгуулардын убактысын так маалымдаган жок. Интерфакс кабарлагандай, анын жыйынтыгында жетекчилик "бөлүктөрдүн жөндөмдүүлүгүнө жана күжүрмөн даярдыгына баа берет".

Орус аскерлеринин алгачкы тобу Беларуска октябрда келген. Буга чейин Коргоо министрлиги “аскерлердин биргелешкен тобуна катышуу үчүн” тогуз миңдей орусиялык аскер, жүздөн ашык танк, бронетехника жана миномет, ошондой эле авиация бара турганын билдирген.

Мындан бир нече күн мурун Лукашенко Украинаны "Беларуска кол салууга даярданып жатат" деп дагы бир жолу айыптаган жана союздаш өлкө менен батыш чек арасында турумду бекемдөө маселесин кыйыткан. Украина муну четке каккан.

Декабрдын башында Лукашенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда, орусиялык жана беларусиялык аскерлер “бир топ, бирдиктүү армия катары” даярдалып жатканын айткан.

13-декабрда Беларуста Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын күтүүсүз текшерүү башталды.

Путин Украинага басып киргенден бери биринчи жолу бүгүн, 19-декабрда Беларуска барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG