Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта отурган саясатчы Азимбек Бекназаров 15-декабрдан тартып саясий ачкачылык кармап жатканын анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты. Алар Бекназаровдун абалы азыр жакшы эле экенин, бирок ден соолугуна байланыштуу ачкачылык кармоого болбой турганын айтышты.
Бекназаров өзү абактан жазган катында бийликтин чечимдерин колдобогондорду кармоо өнөкөткө айлып кеткенин жазган.
"Конституцияда бекитилген, жалпы таанылган эл аралык ченемдер менен аныкталган адамдын сөз, ой-пикир эркиндиги жергиликтүү жана мамлекеттик чечимдерди эркин талкуулоо, тынч чогулуштарды аткаруу укуктары, эгерде ал адамдар бийликтин чечимдерин колдобосо, алар кылмышкер катары дароо камалары да өнөкөт болуп калды. Кыргыз бийлигинин өзүм билемдигине нааразычылык билдирүү жана Кемпир-Абад маселесин талкуулап, өз оюн ачык билдиришкени үчүн мыйзамсыз камакка алынышкан, 2022-жылдын 13-декабрынан тартып саясий ачкачылык жарыялашкан саясий туткундарга тилектеш экенимди билдирип мен дагы 2022-жылдын 15-декабрынан саат 20:00дөн баштап саясий ачкачылык жарыялаганымды тергөө абагынын жетекчисине расмий билдирдим", - деп жазылган анда.
Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы дагы ырастады.
Аталган мекеме Бекназаровду кошкондо Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын 17си ушул тапта ачкачылык кармап жатканын тактады.
Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул ишке байланыштуу абакта отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган.
12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга - 20-февралга чейин узарткан. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган.
Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Милиция жана бийлик шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (КЕ)