Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Ишкер Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоодо регламент бузулганын айтып чыкты


Жодар Сайдилканов.
Жодар Сайдилканов.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлигин койгон ишкер Жодар Сайдилканов 19-декабрда өткөн шайлоону тааныбай турганын билдирип, ага катышуудан баш тартты.

Ал “Азаттыкка” берген маалыматында палатанын жаңы жетекчисин шайлоодо регламент бузулганын билдирди.

“Соода-өнөр жай палатасынын уставында бир мүчө бир добуш деген эреже жазылган. Жыйында бардык мүчөлөр добуш бериши керек болчу. Булар болсо делегаттарды жашыруун түрдө өздөрү тандап алышкан. Бир мүчө бир добуш деген камсыз кылынган жок. Мен бул ыплас шайлоону тааныбайм деп чыгып кеттим. Экинчиден, шайлоо ачык өтөт дегени үчүн. Бул шайлоонун купуялуулугуна туура келбейт”.

Анын сөзүнө караганда, 19-декабрда төраганы шайлоо үчүн 128 делегат шайланып келген.

Бул кызматка Жодар Сайдилканов менен кошо экс-премьер-министр Темир Сариев, “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев да ат салышкан. Авазбек Керимбаев өз ыктыяры менен талапкерлигин алып салган. Эки эле адам калгандыктан, добуш берүү ачык жүргүзүлгөн. Сайдилкановдун сөзүнө караганда, шайлоого үчөө тең катышканда добуш берүү жабык болмок.

Жодар Сайдилканов мындан ары Соода-өнөр жай палатасына мүчөлүгүн да токторун, палата өзгөрүүгө даяр эмес экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп шайланган. Ал палата ишкерлер менен чогуу иштеп, жакшы шарттарды түзө турганын айтты.

Аталган уюмдан Сайдилкановдун айткандары тууралуу комментарий боло элек.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев быйыл ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG