Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Бишкекте "Көчмөн сыры" эл аралык форуму өтөт


20-21-декабрь күндөрү кол өнөрчүлөрдүн "Көчмөн сыры" деген аталган эл аралык форуму өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Форумдун ачылышы 20-декабрда Улуттук тарых музейинде башталат. Анда Ысык-Көл облусуна “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусуна “Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат. Бул наамдар Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган.

Форумдун алкагында 19-декабрынан тарта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде "Көчмөн сыры" көргөзмөсү ачылды.

2021-жылы кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы Жалал-Абадда уюштурулган. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан кол өнөрчүлөр катышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG