Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Дүйнө чемпиондору Буэнос-Айреске кайтып барды


Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасы мекенине кайтып барды. 20-декабрь, 2022-жыл.
Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасы мекенине кайтып барды. 20-декабрь, 2022-жыл.

Бүгүн эртең менен Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы Буэнос-Айреске кайтып барды. Дүйнө чемпиондорунун капитаны Лионел Месси учактан баалуу трофейди көтөрүп түштү.

Кызыл килемден басып өткөн чемпиондор Аргентина футбол ассоциациясынын базасында эс алмакчы. Кечинде баш калаада он миңдеген кишинин катышуусунда чоң майрамдык иш-чара пландалууда.

Аргентина 18-декабрда Катарда өткөн дүйнө биринчилигинин финалында Францияны пеналтиден жеңип алган. Адистер менен күйөрмандар ал оюнду Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты финалдык беттешүү деп сыпатташты.

Командасынын кайтып келишин күтүп жаткан аргентиналыктар өлкөнүн булуң-бурчунда 36 жылдан кийинки ийгиликти белгилеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG