Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Аза кызматынын жетекчиси Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Атамбаевди сотко берди


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана Бишкек-24 интернет каналын сотко берди. Бул маалыматты Жунусбеков өзү "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, аталган маалымат булагы Аза кызматынын ишин каралаган материал жасаган.

"Улан Эгизбаев тарткандан кийинки видеолор, мурдагы кармалган кызматкерлерди кошуп бүгүн болуп жаткандай кооздоп чыгарышкан. Ошону төгүндөгөн маалымат берсин, кадыр-баркыбызга, ар-намысыбызга доо кетиргени үчүн компенсация төлөсүн деп жатабыз. Кадырбек Атамбаев менен Бишкек-24 каналын бириктирип, 3 млн. сом деп жатабыз. Атамбаев ал шилтемени алып, башка маалыматтарды дагы кошуп өзүнүн баракчасына чыгарган", - деди Жунусбеков.

Аталган агенттиктин директору арыз 19-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилгенин билдирди.

Буга чейин Бишкек-24 агенттиги Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүндө маркумду жерге берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр боюнча материал жарыялаган. Аталган басылма иликтөөдө агенттиктин жетекчиси Жунусбековдун өзүнө дагы сөз берилгенин белгилеп жатат.

Атамбаев бул боюнча комментарий бере элек.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзүп, анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон.

2021-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG