Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Орусиянын элчиси өз өлкөсү Кыргызстанда мектеп курууну көздөп жатканын айтты


Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы орто мектеп. 2022-жыл.
Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы орто мектеп. 2022-жыл.

Орусия билим берүү боюнча долбоорлордун алкагында Кыргызстанда мектептерди курууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолуккан учурда билдирди. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды. Шакиев быйыл тогуз айда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,2 млрд. долларга жеткенин айткан. Бул былтыркы жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 36,8% жогору.

Удовиченко экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи. Туризм чөйрөсүндө да жыйынтыктар жакшы экенин айткан элчи буга түз аба каттамдарынын көптүгү жакшы таасир бергенин кошумчалады.

Жолугушууда курула турган мектептердин саны айтылган жок.

Бишкекте Орусия салып берген "Газпром" мектеби бар. Аны Министрлер кабинети өкмөттөр ортосундагы макулдашуунун негизинде "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берген. Буга чейин "Газпром-Кыргызстан" жылына 20,8 миллион сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп келген.

Таластын Манас районундагы 1957-жылы салынган Бала-Саруу орто мектеби "Газпром" компаниясы куруп бере турган имараттардын тизмесине кирген. "Кыргызстан-Газпром" курулуш качан башталарын маалымдай элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG