Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

Өзбекстан: Саида Мирзиёева мугалимдерди пайдалануу тыйыларын билдирди


Саида Мирзиёева.
Саида Мирзиёева.

Өзбекстанда жакында мугалимдерди өзүнүн кесиптик түз милдетинен башка жумуштарга аралаштыргандарды жазалоо, кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган мыйзам долбоору кабыл алынат. Бул тууралуу "Заковат" интеллектуалдык олимпиадасынын жыйынтыгынын алдында президент Шавкат Мирзиёевдин кызы, анын администрациясынын байланыш жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Саида Мирзиёева билдирди. Ал учурда өлкөдө мугалимдерди пайдаланган учурлар көп экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө мугалимдер мамлекеттик иш-чаралардын тейлөөчүлөрү, үйлөрдү кыдырып, статистика чогулткан бекер жумушчу күч, кароолчу, тазалагыч, мектептерге келген комиссияларды тейлеген официант жана ашпозчу болуп калды. Алар зеригичтүү иш-чараларда бош залдарды толтуруу үчүн "массовка" катары колдонулат, жашоочулардан салык жана насыя карызын чогултат, гезиттерге мажбурлап каттаткан жооптуу адам, мектептин түнкү күзөтчүсү жана кароолчусу. Ошондой эле кайсы бир үй-бүлөнүн бакубатсыздыгы үчүн да жооптуу. Ушундай кырдаалда мектеп, сабактар эмне болот, өлкөдө билим берүүнү кантип өнүктүрсө болот?",-деди Мирзиёева.

Ал мыйзам долбоору качан кабыл алынарын тактаган жок. Өткөн айда президент Шавкат Мирзиёев мугалимдерге карата мамилени кайра карап чыгуу демилгесин көтөргөн.

Президент кызын өзүнүн администрациясындагы бул жооптуу кызматка өткөн айда дайындаган. Саида Мирзиёева ага чейин, 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. Быйыл Улуттук медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинде эмгектенген.

Былтыр ноябрда кошуна өлкөдө мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган жакындардын тизмесин кеңейтүү каралган.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG