Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Канада орусиялык олигарх Абрамовичтин активдерин конфискациялай баштады


Роман Абрамович.
Роман Абрамович.

Канаданын бийлиги орусиялык олигарх Роман Абрамовичке таандык активдерди конфискациялоого киришти. Бул Канададагы орусиялык санкцияга илинген менчик ээсинин байлыгын чегерип алган биринчи учур болуп калат. Канададагы 26 млн. АКШ долларына бааланган Granite Capital Holdings компаниясы Абрамовичке таандык.

Канада өкмөтү бул каражатты Украинаны калыбына келтирүүгө жана Орусиядагы саясий куугунтуктан жабыркагандарга жумшайт.

Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли расмий Оттава Украинадагы согуштан пайда көрүп жаткан орус бийлигине басым жасоону уланта турганын билдирди. Мындай позицияны каржы министри жана вице-премьер-министр Кристия Фриланд дагы кубаттап, "Путиндин олигархтары Орусиянын Украинага жапайыча, мыйзамсыз кол салуусуна катышкан", -деди ал.

Роман Абрамович Орусиядагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналы ушул жылы анын байлыгын 6 млрд 900 млн доллар деп баалаган. Ал Орусия Украинага согуш ачкандан кийин 2022-жылы мартта Канаданын санкциясына илинген. Ал Евробиримдиктин, Британиянын, Швейцариянын, Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын "кара тизмесине" кирген.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин Канада өкмөтү 2100дөн ашык адамды жана компанияны санкцияга киргизген. 2022-жылы февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын, Беларустун жана Украинанын 1500дөй адамды жана компанияны "кара тизмеге" кошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG