Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Абактагы аялдарды бошотууну сурангандар президентке кайрылды


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган активст, саясатчылар: Рита Карасартова, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган активст, саясатчылар: Рита Карасартова, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова.

Кыргызстандагы коомдук-саясий ишмер, активист айымдар жана бейөкмөт уюмдар Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган аялдарды бошотуу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Анда Кыргызстандын өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына аялдардын ролу зор экени белгиленген.

Кайрылууда камалган активист, саясатчы аялдардын ар бирине өзүнчө токтолуп, алардын кесипкөй адис экени, мыйзамсыз аракеттерге катышпай турганы айтылган.

"Болуп жаткан мыйзамсыздыкка, негизсиз айыптоолорго каршы протест катары аялдар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Алардын өмүрү коркунучта. Начарлап кеткен ден соолугуна, адвокаттар менен туугандарынын талаптарына көңүл бурбай, медициналык мекемелерде дарылоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканы мыйзамга дагы, адамкерчиликке дагы жатпайт", - деп айтылат кайрылууда.

Жалпы жүздөн ашык аялдар жана уюмдар кол койгон кайрылуунун соңунда президент Садыр Жапаровдун Баш мыйзамдын, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили катары укук коргоо органдарынан ачык-айкын иликтөө жүргүзүүсүн талап кылуусун өтүнүшкөн. Андан тышкары камактагы аялдардын бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнө, аялдардын аброюна, коомдук-саясий ишмердигине да көңүл буруп, мыйзамдын сакталышына ишенерин билдиришкен.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 20дан ашык активист, саясатчынын алтоо аялдар. Алардын 17си саясий ачкачылык жарыялаган. Айрымдарынын наар албаганынан бир апта болду.

Ачкачылык жарыялагандан соң активисттер Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлаганы белгилүү болгон. Алардын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын билдирген акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген. Абалы оор экени айтылган Перизат Сурановага "Тез жардам" кызматы чакырылып, медициналык кароодон өткөрүлүп, ооруканага жаткырууга негиз жок деген корутунду чыгарылганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG