Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары акцияга чыгышты


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары акцияга чыгышты.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары акцияга чыгышты.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин жакындары 20-декабрда Бишкектеги Панфилов сейил багына акцияга чыгышты. Акцияга 20дан ашык киши чогулду. Алар президент Садыр Жапаров менен жолугушууну, камалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына бир апта болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG